Жалал-Абадда алгачкы ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды

0

Бүгүн Жалал-Абад шаарында 639 батирден турган “Асман резиденс” ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана калаа тургундары катышты.

Курулуш Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен жарандарды мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Ага Президентинин Иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.

Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1,6 гектар жер аянты ажыратылган. Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4 пайыздан, калган тургундар 8 пайыздан үй алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бул иш-чара Жалал-Абаддагы турак үйгө муктаж болгон тургундардын көптөн күткөн тилеги экенин белгиледи. Демилге элдин түйшүгүн жеңилдетүү багытындагы туура мамлекеттик башкаруунун натыйжасы экенин айтып, облуста ипотекалык турак жайларды куруу планы дагы уланаарын кошумчалады.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген