Ала-Букада Айры-Там—Шекафтар жолунун асфальтталган тилкеси ачылды

0

Бүгүн, 20-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы Айры-Там—Шекафтар унаа жолунун асфальт төшөлгөн тилкеси ачылды.

Унаа жол Биринчи май айыл аймагында жайгашкан, анын 3 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Ачылыш аземге, ЖКнын депутаты Азиз Турсунбаев, район акими Кайырбек Чаргынбаев, Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Шербаев баштаган бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалым болгондой, Айры-Там—Шекафтар жолу жалпы 16 чакырымды түзөт. Унаа жолдун 5 чакырымы асфальтталган. Анын ичинен 3 чакырымына быйылкы жылы асфальт төшөлдү. Оңдоо иштери республикалык бюджеттен каржыланды.

май айыл аймагындагы калктын саны 15 миң адамдан ашат. Аймак кыргыз-өзбек чек арасына чектеш жайгашкан. Айыл аймактын курамына Айры-Там, Ак-Башат, Алма-Бел, Жаңы-Шаар, Кара-Үңкүр, Ажек, Совет-Сай айылдары кирет.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген