Жалал-Абадда кол өнөрчүлөрдүн республикалык фестивалы өттү
Бүгүн, 14-ноябрь күнү, Барпы театрынын алдындагы аянтта “Терме–акылдын айдыңы, курак–элдин байлыгы” аталышындагы кол өнөрчүлөрдүн республикалык фестивалы өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана өлкө аймактарынан келген 150гө жакын уз-чеберлер катышты.
Саамалыкта Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары даңазаланып, чеберлер “Терме курак” сынагына катышып, өз эмгектерин алып чыгышты. Мындан сырткары фестивалда этно мода уюштурулуп, концерттик программалар тартууланды.
Демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк” жөнүнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган.