“Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы жыйынтыкталды

Бүгүн, 14-ноябрь күнү, Жалал-Абад шаарында GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болду.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йосефсон, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, жергиликтүү бийлик башчылары, айыл чарбасы жана ишкердик өкүлдөрү катышты.
“Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы өлкө бюнча 2018-2023-жылдары Жалал-Абад облусунда жергиликтүү калктын айыл чарбасын жана туризмден киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу багытындагы 11,8 млн евро өлчөмүндөгү каржылык көмөк көрсөткөн.
Аталган долбоор Германия эл аралык кызматташтыгы тарабынан жүзгө ашырылып, Европа Биримдиги жана Германия Өкмөтү колдоо көрсөткөн.
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү долбоор үч жыл аралыгында Жалал-Абад облусунун айыл аймактарындагы калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга чоң салым кошконун белгиледи.
-“Бул натыйжалуу кызматташтык үчүн Германия эл аралык кызматташтыгы, Европа Биримдиги жана Германия Өкмөтүнө, GIZ уюмунун Кыргызстандагы мүдүрү Виктор Вецель мырзага жана биз менен тыгыз иш алып барган программасынын менеджери Кэте Бракхан айымга ыраазычылык билдирем! Биз, бул аракетти Жалал-Абад облусун ар тараптуу өнүгүүсүнө кошулган сезилээрлик салым катары баалайбыз.
GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасын ишке ашырууда өз салымын кошкон бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирем! Сиздер менен облусубузду өнүктүрүү багытында кызматташканыбызга кубанычтабыз!”–деди Абсаттар Сыргабаев.
Программа экономикалык өнүктүрүүнү инклюзивдүү пландоону жакшыртууга, 44 айыл аймакта түзүлгөн жумушчу топтор жаштарды, аялдарды, этникалык азчылык өкүлдөрүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тартуу менен экономикалык өнүктүрүү планын иштеп чыгуу багыттарындагы жумуштарды аткарды. Ошондой эле, жергиликтүү туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр тармагын жана “Дестинацияны” башкаруу боюнча биринчи уюмду түзүүгө көмөк көрсөткөн.