Кытайлык инвестор Сузакта 100 млн долларлык долбоорду ишке ашырат

0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кытайлык инвестор Ванг Ченгвен менен жолугушту. Анда облустун Сузак районунун аймагына баасы 100 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү инфестициялык долбоорлорду ишке ашыруу камтылган эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Мында район аймагына курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, Көк-Арт дарыясында дамба салуу, көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландары мерчемделген.

Облус башчысы район-шаарлардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, элге шарт түзүү багытындагы пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экенин белгиледи.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген