Жалал-Абадда ишкер айымдардын улуттук форуму өттү

0

Бүгүн Жалал-Абад шаарында Бүткүл дүйнөлүк айымдардын ишкердик күнүнө карата “Өнөктөштүктүн жаңы жолдору” аталышындагы ишкер айымдардын улуттук форуму өттү.

Иш-чара ЮСАИДдин “Агросода” долбоору жана “Курак” Айымдар форуму коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, облус аймактарынан келген ишкер айымдар катышты.

Жыйында ийгиликтүү ишкер айымдар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, андан ары өнүктүрү жолдору талкуулашты.

Облус башчысынын орун басары айымдардын ишкердигин колдоо, ар түрдүү багыттагы жаңы бренддерди ойлоп табууга көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул багыттагы ишти илгерилетүү үчүн аймактардагы жергиликтүү бийлик тарабынан да колдоолор көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

“Курак” аялдар форуму» коомдук бирикмеси Кыргызстанда айымдардын ишкердигин колдоо жана илгерилетүү багытында иш алып барат. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте айымдар форуму 2022-2026-жылдары Аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана кабыл алууну демилгелеп чыккан.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген