Облустук филармония алгачкы жолу Бишкекте концерт тартуулайт

0

Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармония 24-ноябрь күнү, саат 18:00дө өз тарыхында биринчи жолу Бишкекте отчёттук концертин берет.

Концерт “Улут уңгусу” деп аталып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын колдоо максатында ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен башталган “Театрлар эл аралайт” долбоорунун алкагында даярдалган.

Программага түрдүү жанрлар камтылган. Анда филармониянын алдында түзүлгөн “Мөлмөл” фольклордук-этнографиялык оркестринин, “Кылым мурасы” кернейчилер тобунун коштоосунда, фольклордук, эстрадалык, сатиралык, бий топтордун аткаруусундагы ар кандай жанрдагы чыгармалар жаңырат.

Эмгек жамаатта Кыргыз Республикасынын эл артисттери Арзыбек Бедияров, Шахра Талипова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Анарбай Райымканов, Токтомурат Осмоналиев өңдүү элге эмгеги сиңген нукура таланттар, ошондой эле артында өсүп келе жаткан, калың журтка төбөсү көрүнгөн өнөр адамдарынын мууну өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген