Жалал-Абад облусунда жол коопсуздугун күчөтүү боюнча жыйын өттү

0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында, жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда атайын жыйын өткөрүлдү.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, КР ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Канатбек Кубатбеков, район-шаарлардын  жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Жыйында Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары Кылычбек Рысбаев баяндама жасады. Анда, учурларда облус аймагындагы кооптуулук жараткан жолдордун абалы, жол чийиндеринин өчүп кеткен көйгөйлөрү, катталып жаткан жол кырсыктары тууралуу маалыматтар берилди.

Мындагылар жыйындын эң башкы максаты, жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталды. Ага карата тиешелүү иштерди аткаруу жана Бишекек-Ош автоунаа жолундагы кемчилдиктерди жоюуп, талаптарды толук аткарып, жарыктандыруу маселесин чечүүгө тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген