Майлуу-Суудагы таза суу долбоорунун 95 пайызы аяктап калды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Майлуу-Суу шаарынын негизги суу бөлүштүрүү кампасына барып, капиталдык оңдоо иштери менен жеринен таанышты.
Калаа тургундарына таза суу жеткирүү максатында Европа өнүктүрүү банкы тарабынан 7 млн 200 миң евро өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн. Анын 4 млн 200 миң евросу гранд түрүндө, калган сумма жеңилдетилген насыя катары каржыланган. Бөлүнгөн каражатка негизинен беш багыттагы жумуштар аткарылган. Анда лабораториялык насостук станциялар, заманбап суу тазалоо курулмалары орнотулуп, шаар ичине 25 чакырымды түзгөн жаңы суу куурлары жаткырылган.
Мындан сырткары ички жана сырткы суу кампалары орнотулуп, мекеменин техникалык паркы жаңыланган. Жумуш толук аяктаса, көп жылдардан бери Майлуу-Суу шаарынын тургундарын түйшөлткөн таза суу көйгөйү толук чечилет.
Белгилей кетсек, өткөн жылдагы кыш мезгилинде абанын температурасы төмөндөгөнүнөн улам, Майлуу-Суу шаарына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Ага ылайык, бул жылы аталган көйгөйдүн алдын алуу багытындагы жумуштар күчөтүлгөн.