Өкүл Майлуу-Суу шаарындагы жылуулук берүүнүн абалын көрдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Майлуу-Суу шаарындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жылуулук пунктуна жана №1 отканасына барды. Анда аталган жайлардагы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштеринин абалы, жылуулук менен камсыздоонун жүрүшү менен таанышты. Ыйгарым укуктуу өкүл калкка үзгүлтүксүз жылуулук жеткирүү үчүн бардык чараларды өз убагында көрүү тапшырмасын берди.
Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ушул жылдын 15-ноябрынан тарта жылуулук бериле баштаган.