Кыргызпатент интелектуалдык менчик эрежелери боюнча жыйын өттү

0

Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын өкүлдөрү “Инновациялык ишмердүүлүктө интелектуалдык менчиктин ролу” аттуу семинар өттү.

Аталган семинарда автордук укук, товардык белги, тейлөө белгилери, географиялык белгилерди, өнөр жай белгилерин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жол жоболору, автордук укуктарды жана патенттик укуктарды коргоо боюнча маалыматтар берилди. Мындан сырткары укук бузуулар катталса, аларга карата көрүлүүчү юридикалык жоопкерчиликтер боюнча да айтылды.

Семинарга райондук мамлекеттик  администрациялардын, шаардык мэриялардын, айыл өкмөттөрүнүн тиешелүү адистери, жогорку окуу жайлардын профессордук педагогикалык курамы,  район-шаардык маданият үйлөрүнүн жана билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, орто жана чакан бизнес өкүлдөрү, студенттер жана кызыккан жеке жактар катышты.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген