Базар-Коргондо күн электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү
Бүгүн, 28-ноябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев венгриялык инвесторлор менен жолугушуп, Базар-Коргон районуна кубаттуулугу 200 МВт болгон күн электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүү өткөрдү.
Долбоорду райондун Акман, Бешик-Жон жана Базар-Коргон шаарында ишке ашыруу пландалган. Ага аталган аймактардан 450 гектар жер аянты ажыратылмакчы.
Ыйгарым укуктуу өкүл облуста электр энергиясын өндүрүүгө кызыккан инвесторлор үчүн ири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Күн электр станциясын куруу да облустагы алгачкы артыкчылыктуу долбоорун айтып, керектүү жардамдар көрсөтүлөөрүн кошумчалады.