Абсаттар Сыргабаев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү

0

Бүгүн, 7-декабрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев облус аймагында 2023-жылдын он ай аралыгында аткарылган жумуштар, учурдагы иш аракеттер жана алдыдагы пландар боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү.

Облус башчысы жыл башында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 13 тармактагы, 96 пункттан турган иш-аракеттер планы бекитилгенин белгиледи. Алар экономика, өнөр жай тармагын өнүктүрүү, инвестициялык климат, энергетика, айыл чарбасы, транспорттук-логистикалык инфратүзүм, социалдык тармак, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана маданият тармактары экенине токтолду.

Жыйында бул жылдын 10 айында Жалал-Абад облусу боюнча 39 млрд. 732 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 109,6 пайызды камсыздаганын маалымдалды.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү район-шаарларда аткарылган жана алдыдагы ири долбоорлор боюнча айтып өттү. Ошол эле учурда он айда аймактарда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 11 млрд. 481,3 млн сом болсо, аткарылганы 12 млрд. 039,8 млн. сом болуп, жалпы көрсөткүч 104,9 пайызга жеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 558,5 млн сомго кѳп экенин кошумчалады.

Өкүл 2023-жылды Жалал-Абад облусу социалдык-экономикалык, айыл чарбасы, өнөр жай, жаңы ишканаларды ачуу, жумуш орундарын түзүү, тышкы соода жүгүртүү, бюджеттин аткарылышы жаатында алгылыктуу жумуштар жасалганын баса белгиледи.

 

 

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген