Ыйгарым укуктуу өкүлдүн көк бөрү боюнча кубогунун биринчи күнү
Бүгүн, 3-январь күнү, Сузак районунун “Телтору” ат майданында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көк бөрү боюнча кубогу өтүүдө.
Оюндарда Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен, Чаткал, Тогуз-Торо, Токтогул райондорунун, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынан келген көк бөрү командалары күч сынашууда.
Мелдештин расмий ачылышына Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, республикалык көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев катышты.
Облус башчысы көк бөрү биринчилигин өткөрүүнүн максаты, улуттук оюнду даңазалоо, өнүгүүсүнө шарт түзүү менен спортчулардын тажрыйбасын арттырууга салым кошуу болуп саналаарын белгиледи. Ага катар оюндун жалпы байге фонду 400 миң сом акча каражатын түзөөрүн кошумчалады.
Иш-чарада Жалал-Абад облусунда көк бөрү оюнун өнүктүрүү багытында федерация тарабынан да 1 млн сом акча каражатынын сертификаты тапшырылды.