Облус башчысынын көк бөрү кубогун Сузак районунун командасы жеңип алды
Бүгүн Сузак районунун “Телтору” ат майданында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көк бөрү боюнча облустук кубогу жыйынтыкталды.
Жеңүүчүлөргө кубок жана медалдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, республикалык көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери тапшырды.
Мелдештердин жыйынтыгы менен Сузак районунун көк бөрү командасы 1-орунга ээ болуп, 100 миң сом акча каражаты ыйгарылды. Ал эми 2-орунду Токтогул районунун командасы багындырып, 70 миң сом акча каражаты, 3-орунга Аксы районунун командасы жетип, 50 миң сом, ал эми 4-орунду камсыздаган Жалал-Абад шаарынын командасына 30 миң сом акча каражаты берилди. Мындан сырткары оюндун мыкты коргоочусу, оюнчу, чабуулчу жана мыкты аргымагы да аныкталып, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чарада ыйгарым укуктуу өкүл жеңүүчү жана жалпы катышуучу командаларды куттуктады. Эки күндүк оюн кырсыктан алыс, ынтымактыкта өткөнүн белгилеп, алдыдагы убакытта облустун көк бөрү командасын республикалык мелдештерде ийгиликке жетүүсүн каалады.