Ала-Буканын 1-Май айылында медициналык тейлөө шарты жакшырды
Бүгүн Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Ажек айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) имараты курулуп, пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.
Буга чейин Ажек айылындагы ФАПтын эскилиги жетип, заманбап имаратка болгон муктаждык жаралып келген. Облус башчысы медициналык мекеме айыл тургундарынын ден соолугун сактоого көмөкчү болоорун белгиледи. Ага катар айыл жашоочуларына 2023-жылы облуста аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берип өттү.
Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Ажек айылында 3 миңден ашуун калк жашайт. ФАПтын курулушун каржылоо “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган.