Жалал-Абад шаары менен Кытайдын Анканг шаары кызматташат

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кытай Эл Республикасынын Анканг шаардык парткомунун секретары Ву Вэнган менен жолугушту.

Анан алкагында эки тарап аймактардын артыкчылыктуу потенциалына токтолуп, кызматташуу мамилелерин тереңдетүү, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анан алкагында Жалал-Абад шаары менен Анканг шаарынын ортосунда боордоштук меморандуму түзүлдү.

Белгилей кетсек, Кытайдын Анканг шаарында 3 млн калк жашайт. Калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармактары өнүккөн.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген