Жалал-Абад облусунун 2023-жылга карата жыйынтыгы чыгарылды

0

Бүгүн Жалал-Абад облусунун өткөн жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, аткарылган жумуштар жана алдыдагы пландарды талкуулаган коллегия өттү.

Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Президенттин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район, шаар башчылары жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегияда Жалал-Абад облусу 2023-жылы бюджеттин план көрсөткүчтөрүн жүз пайыздан жогору аткарууга жетишкени, өнөр жай, кайра иштетүү, керектөө рыногу, айыл чарбасы, капиталдык курулуш, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү алкагында да алгылыктуу жумуштар жасалганы белгиленди. Мындан сырткары жол оңдоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо объектилерин куруу жумуштары да эки эсеге артканы айтылды.

Ыйгарым укуктуу өкүл район, шаар башчылары жана мекеме ишкана жетекчиленине аткарылган жумуштарды эсептик тактоодо мүчүлүштүктөр бар экенин айтып, статистика башкармалыгы менен тыгыз иш алып барууга чакырды. Мындан сырткары калкты жакырчылыктан чыгаруу, жөлөк пул чегерүүдө чыныгы муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо зарылдыгын эскертти.

Жыйында буга чейин район, шаарларда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыгарылып, кызматкерлердин аткаруу тартибине баа берилди. Ыйгарым укуктуу өкүл алдыдагы убакытта облустук мекеме-ишканалардын да аткаруу тартибида каралаары белгиленди.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген