Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы абак имаратынын бузулушу менен таанышты
Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Жазаларды аткаруу кызматынын имараттарынын бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Юстиция министрлиги караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы №10 түзөтүү абагынын жана кайтаруу жана конвой башкармалыгынын №5 батальондун имараттарын бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Аталган түзөтүү мекемелеринин ордуна административдик имарат курулуп, шаардыктар үчүн сейил бак, музей, оюн зоок борбору салынат. Минкаб башчысы эски имараттарды бузуу иштерин тездетүүнү тапшырды.