Жалал-Абадда жеңил жүк ташуучу унааларды чыгаруучу завод куруу пландалууда

0

Жалал-Абад облусунда жүк ташуучу электр мотоциклдерин, жеңил жүк ташуучу унааларды, насосторду жана клапандарды чогултуучу завод куруу аракети көрүлүүдө.

Бул багыттагы инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кытайдагы “Shaanxi Qing Ju New Energy Tech Co, Ltd.” жана “Shaanxi Zhichao Industrial Development Investment Management Co., Ltd”компанияларынын ортосунда үч тараптуу меморандум түздү. Долбоордун алдын ала болжолдуу наркы 4 млн АКШ долларын түзөт.

Ыйгарым укуктуу өкүл бул аракет Жалал-Абад облусунун экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү менен инвесторлорду колдоо багытында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген