Жалал-Абад менен Кытайдын Шэньси провинциясы өз ара кызматташат
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Шэньси провинциясынын башчысынын орун басары Ли Цзюнь менен жолугушту.
Мында тараптар кызматташуу мамилелерин тереңдетүү, социалдык-экономикалык, ишкерлер ортосундагы байланышты түзүү, инвесторлорго жагымдуу шарттарды жаратуу жана ар тараптуу көмөк көрсөтүү жаатындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Белгилей кетсек, Шэньси провинциясы Кытайдын түндүк-батышында жайгашкан. Ошол эле учурда кытай маданиятынын жана тарыхынын руханий бешиги, Улуу Жибек жолунун башталышы деп эсептелинет. Азыркы учурда провинцияда 39 млндой калк жашап, соода-экономика, айыл чарбасы жана кайра иштетүү тармактары өнүккөн.