Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базар завод катары иш баштайт

0

Мындан эки жыл мурда курулган Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базар жеңил жүк ташуучу унааларды чогултуучу завод катары пайдаланылат. Шаар мэриясы базардагы сооданын начардыгын эске алып, буга чейин кол коюлган келишимге ылайык, аталган жайды Кытайлык инвесторлор менен бирге завод катары колдонууну көздөөдө.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков муниципалдык базардан соода жүргүзүүгө орун алып иштеген жарандар менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүздү.

Облус башчысы Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан базарлардын баарын бир жайга жылдыруу боюнча долбоор даярдалып бүткөнүн белгиледи. Алдыдагы убакытта шаардагы 22 гектар жер аянтын түзгөн “Телтору” ат майданы жылдырылып, ордуна заманбап ири базар курулаарын айтты. Анда алгачкылардан болуп жаңы муниципалдык базарда иштеген жарандарды жайгаштыруу аракети көрүлөөрүн кошумчалады.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген