Кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыяланат

0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты кадрлар резервине  кирүү үчүн  ачык сынак жарыялайт

Административдик кызмат орундарынын

башкы тобуна кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ  КОЮЛГАН  КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК  ТАЛАПТАР:

1.Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орду (Б-Б) төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. кесиптик билимдин деңгээли: 

–      тиешелүү багыттагы жогорку билим;

  1. иш стажы жана тажрыйбасы:

–    мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.

  1. кесиптик компетенттүүлүгү:

–   төмөнкүлөрдү билүү:

КРнын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-КРнын “Министрлер Кабинети жөнүндө”  КРнын   Конституциялык Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга  жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, ошондой эле тийиштуу тармактагы предметтик закондор,

-адам ресурстарын башкаруу жаатында;

-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер тапшырылат:

Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен жазылган жеке арыз;

  • Резюме (электрондук почтаны жана телефон номерин көрсөтүү менен);
  • Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги        жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 8-апрелине чейин саат 8.30дан 17.30га чейин   жүргүзүлөт.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү-11, 3-кабат, 302-кабинет,

тел.: (03722) 2-16-40

 

 

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген