Тилек Текебаев Жалал-Абад облусунун активине тааныштырылды

0

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Тилек Текебаевди облус активине тааныштырды.

Камчыбек Ташиев жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдүн жоокерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалап, өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларды так аткарууга, ошол эле учурда Жалал-Абад облусунун ар тараптуу өнүгүүсүнө жигердүү салым кошууга чакырды.

Жыйынга облустун мурдагы башчысы, Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Абсаттар Сыргабаев да катышты.

Текебаев Тилек Кыдырмаевич 1977-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку:

– 2000-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-механик адистиги боюнча аяктаган;

– 2023-жылы Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана кредит факульетин аяктаган;

– 2024-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин өндүрүш жана жарандык курулуш адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

-17.02.1998-10.11.1998–“Кыргызтрансавто” ААКда механик;

-10.11.1998-08.10.2001– “Кыргызтрансавто” ААКда автооңдоо устаканасынын мастери;

-21.12.1999-26.11.2002–КМКТАУ Балыкчы филиалы, ЖИД кафедрасында окутуучу;

-08.01.2001-04.10.2003–“Кыргызтрансавто” ААКнун техника кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер;

-27.11.2002-15.07.2003–“Кыргызалтын” ААК “Автотранспорт ишканасы”, Кумтөр сайты Мастер прораб;

-15.07.2003-01.04.2005–“Кыргызалтын” ААК “Автотранспорт ишканасы”, Кумтөр сайты Өндүрүштүн начальниги;

-01.04.2005-25.03.2008–“Кыргызалтын” ААК “Автотранспорт ишканасы”, Кумтөр сайты Колоннанын начальниги;

-25.03.2008-08.07.2010–“Кыргызалтын” ААК “Автотранспорт ишканасы”,  Кумтөр сайты МТЖ инженери;

-08.07.2010-13.01.2011–“Кыргызалтын” ААК “Автотранспорт ишканасы”, Кумтөр сайты контролдоо механиги;

-13.01.2011-23.04.2012–“Кыргызалтын” ААК “Автотранспорт ишканасы”, Кумтөр сайты директор;

-13.08.2012-02.12.2014–“Бишкек-Нарын-Торугарт” АЖБ директордун орун басары;

-28.11.2014-28.01.2016–“Бишкекасфальтсервис” капиталдык курулуш башкармалыгы, башкы инженер;

-25.01.2016-15.02.2016–Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун директору;

-24.03.2016-30.08.2016–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын начальниги;

-20.04.2018-08.02.2021–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын начальниги;

-05.01.2017-20.04.2018–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;

-09.08.2021-03.10.2022–Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош шаарынын архитектуралык-курулушун контролдоо боюнча шаардык башкармалыктын начальниги;

-08.02.2021-30.07.2021–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча региондор аралык башкармалыгынын начальниги;

-03.10.2022-07.10.2022–Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги Милдеттерин аткаруучу;

-07.10.2022-11.07.2024–Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министри.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген