Ала-Бука районуна жаңы аким дайындалды

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп Руслан Айтбаев дайындалды.

Бүгүн жаңы жетекчини район активине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов тааныштырды.

Куратор Ала-Бука району облустагы ири аймактардын бири экенин айтып, анда аткарылуучу жумуштар да арбындыгын белгиледи. Ошондой эле, коюлган тапшырмаларды так аткаруу менен райондун өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

Айтбаев Руслан Маратович 1983-жылдын 18-ноябрында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Боконбаев айылында туулган.

Билими жогорку:

-2006-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн, кесиби боюнча экономист;

-2013-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги бонча “юрист” квалификациясына ээ болгон;

-2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында билим алган.

Эмгек жолу:

-2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлк фондунун Өнөр-жай объектилерин өнүктүрүү жана менчиктештирүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

-2010-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясат башкармалыгынын Өнөр-жай техникалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

-2010-2013-жылдары Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун Күрөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Агро өнөр-жай комплекс гранттары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

-2013-2015-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси;

-2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;

-2016-2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

-2022-жылдын март-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

-2022-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Буга чейин Ала-Бука районун Кайырбев жетектеген

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген