Сузакта “Көк-Арт” чакан ГЭСи ишке түштү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда, Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат.
Чогулгандарды “Көк-Арт” чакан ГЭСинин ачылышы менен куттуктап жатып, Мамлекет башчысы бул гидроэлектростанция аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгиледи. Ал ошондой эле бул ГЭСтин кыска убакытта бүтүшүнө Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы чоң болгонун айтты.
ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 млн АКШ долларын түзөт. Бул сумманын жарымы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы, калган жарымы жеке инвестордун салымы болду.
Президент Садыр Жапаров өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын канааттандырууга жетиштүү экенин айтып өттү.