Чаткал—Ташкент унаа жолун, ГЭС жана лыжа базасын куруу: Чаткалда Кыргызстан менен Өзбекстандын министрлери жолугушту
Күн тартибинде Чаткал—Ташкент унаа жолун, Чаткал дарыясынын төмөнкү агымына ГЭС каскадын куруу, Чаткал жергесине Чапчыма жана Беш-Салаа участогуна “Чаткал” лыжа базаларын куруу менен жыл бою иштөөчү курорт куруу маселелери каралды.
Эки өлкөнүн министрлери жетектеген ведомстволор аралык топтор курулуучу объектилерди жеринен кыдырып көрүштү. Жолугушууга Өзбек Республикасынын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов, транспорт министри Илхом Махкамов, “Узбекгидроэнерго” акционердик коомунун биринчи орун басары Фозил Махмудов, Туризм комитетинин башчысы Умид Шадиев жана өкүлдөр келди.
Ал эми Кыргызстандан транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучусу Абсаттар Сыргабаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучусу Азис Сапаралиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары МамасалыАкматов, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Алтынбек Сеңирбаев катышты.
Эки тараптуу жолугушууда ГЭС куруу боюнча долбоор талкууланды. ГЭСтин камтыган аймак Беш-Арал, Баркырак, Найза, Арал участкаларында жайгашып, Чаткал районунун Ак- Таш айылынан түз алып караганда 60-70 чакырымды түзөт. Суу топтомунун башы Баркырак участкасынын Миң-Токум колотуна чейин келет. Эң алгач ГЭС куруудан алдын жол салуу керектиги талкууга алынды. Бул багытта эки тарап тең кызыктар экенин белгилешти. Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучусу Абсаттар Сыргабаев бул маселени колго аларын айтты.