Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы кызматтык унаалар тапшырылды

0

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында, облустук ички иштер башкармалыгана 18 даана жаңы кызматтык унаалардын ачкычы тапшырылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик жана тармактын ардагерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары Максат Сыдыков, милиция кызматкерлерин куттуктап, жаңы кызматтык унаалар милициянын кесипкөй ишин дагы да жогорулатып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо менен ар кандай кырдаалдардын алдын алууга көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген