Жалал-Абадда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбоору башталды

0

Дүйнөлүк Банк каржылаган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоору “Кыргыз Республикасынын Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун” Жалал-Абад облусундагы аймактык кеңсеси ачылып, долбоордун иши башталды.

Бул багытта маалымат берүү үчүн район, шаар башчыларынын орун басарлары, айыл аймак жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын, райондук жана шаардык ветеринардык кызматтардын жетекчилери, кызыктар дыйкан-фермерлердин катышуусунда жыйын өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк долбоорунун жетекчиси Торогул Беков катышты.

Долбоордун максаты, агроазык-түлүк кластерлердин өндүрүмдүүлүгүн жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарба системаларын, анын ичинде илимий базаны колдоого багытталган.
Мында Жалал-Абад облусу боюнча 6 миң баш уйга жасалма жол менен уруктандыруу иштери жүргүзүлөт. Облустагы 37 айыл аймактарда жаңы пункттар түзүлүп, керектүү жабдуулар жана шаймандар менен касыздалат. Ага катар сут кластери боюнча 1500 дыйкан окутулуп, 60 демонстрациялык чарба түзүлүлөт. Ошондой эле, мөмө-жемиш кластери боюнча 750 фермер окутуудан өткөрүлөт.

Долбоордун жалпы суммасы 35 млн АКШ долларын түзүп, анын 30 млн АКШ доллары кредит түрүндө, калган сумма гранттык негизде берилет.
Жыйындын соңунда, “Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун” Жалал-Абад облусундагы аймактык кеңсеси ачылды.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген