Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйлөрү жыйында талкууланды
Бүгүн Жалал-Абад облусунун аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шарты, социалдык абалы жана кабылган көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында атайын тегерек стол жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, район, шаар башчылары, “Бирдиктүү багыт” Жалал-Абад областтык майыптар коомдук бирикмелер ассоциациясынын жетекчиси Жумакан Жаркулова, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилери, укук коргоо жана тийиштүү тармактын башчылары катышты.
Мында облус аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жардамдардын жеткиликтүүлүгү тууралуу айтылып, аймактарда алар кабылган бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коомдук жайларда түзүлгөн шарттардын жетишсиздиги, аймактык ооруканаларда атайын шарттар менен түзүлгөн палаталардын жоктугу, дыйкан-фермерлерди колдоо багытында берилүүчү аз пайыздык насыяларды алуу кыйынчылыктары, мектеп, бала бакчаларга болгон жеңилдик жана жеке укуктук маселелери менен кайрылышты.
Облус башчысынын орун басары Максат Сыдыков, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго интеграциялоо, өлкөнүн социалдык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, жыйында айтылган маселелер протоколдук негизде аткарууга алынаарын айтып, район, шаар башчыларына көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үстүндө натыйжалуу иш алып баруу тапшырмасын берди.