Тилек Текебаев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев эртеңки, 7-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Кыргыз журналистикасынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Облус башчысы, бийлик менен элди маалымат айдыңында байланыштырып, көпүрөлүк милдетти аркалаган, мамлекет тарабынан аткарылып жаткан жумуштарды калкка кеңири чагылдырууда журналисттердин орду чоң экенин белгиледи.
Өкүл ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жоокерчиликтүү ишине токтолуп, облустун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, коомчулукка калыс маалыматтарды жеткирүүдө ар дайым кызматташууга даяр экенин айтты. Аны менен бирге облустагы бир катар медиа тармагынын өкүлдөрүнө Ардак грамоталарды таршырды.