Облус башчысы тарых жана ата-бабаларды эскерүү иш-чарасына катышты

0

Бүгүн Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын алдындагы аянтта тарых жана ата-бабалар, Кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнө, бай тарыхына жана маданиятына негиз салган инсандарды эскерүү иш-чарасы өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик, аксакалдар, мекеме-ишкана жамааттары жана жаштар катышты.

Облус башчысы бул күн бардык кыргызстандыктар үчүн терең мааниге ээ экенин айтып, ата-бабалардын эмгегин, эрдигин жана руханий мурасын эскерүү – азыркы муундун атуулдук парзы экенин белгиледи.

-“Биздин ата-бабаларыбыз Кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнө, бай тарыхына жана маданиятына негиз салган инсандар. Улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүндө, жаратман инсандар менен тарыхка из калтырган окуялардын орду чоң болгон. Быйылкы эскерүү иш-чарасы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесине туш келип турат. Өлкөнүн эгемендиги, өсүп-өнүгүүсү үчүн башын сайып күрөшкөн, жан аябай эмгек жасаган  ата-бабаларыбызды эч качан унутпайбыз”–деди Тилек Текебаев.

Иш-чарада өткөндөрдүн элесине гүл коюлуп, багышталып куран окулду.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген