Жалал-Абадда “Мурас-Аймак” кичи футбол турнири башталды
Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы “Газпром” ден соолукту чындоо борборунда облустук “Мурас-Аймак” кичи футбол турнири башталды. Анда облустун район, шаарларынан келген 12 команда күч сынашууда.
Иш-чаранын расмий ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков катышты.
Облус башчысынын орун басары спорттук мелдештин башталышы менен жалпы катышуучулары куттуктады. “Мурас-Аймак” турнири — бул спорттун руху жана достуктун символу экенин белгиледи. Ага катар иш-чарада аймактардан келген футбол сүйүүчүлөр биригип, ынтымагын бекемдеп, ден соолугун чыңдоого жакшы шарт түзүлгөнүн айтып, катышуучуларга ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, президент тарабынан “2024—2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы кабыл алынган.
Жарлыктын негизги максаты, калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо болуп саналат.
Анын негизинде, өлкө аймактарында “Мурас-Аймак” кичи футбол турнири өткөрүлүп келе жатат.