Базар-Коргон районунда “Жаңгак” фестивалы өттү
Бүгүн Базар-Коргон шаарынын Үсөн Сыдыков атындагы эс алуу багында “Жаңгак токою − жаштарга жашыл мурас” аталышындагы фестиваль өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик жана район тургундары катышты.
Алгач облус башчысы Базар-Коргон шаарынын борборук бөлүгүндө жайгашкан “Жаштар” жана “Үсөн Сыдыков” эс алуу багын толук реконструкциялоо багытында даярдалган долбоор менен таанышып, бир катар сунуш-пикирлерин билдирди. Ага катар борбордук аянттагы асыл тукум мал чарбачылыгы жана айыл чарбага багытындагы атайын жаңы техникаларды көрдү.
Ыйгарым укуктуу өкүл район аймактарынан алынып келинген мөмө жана жер-жемиштер, дан эгиндери, ошондой эле эт, кайра иштетүү багытында даярдалган азыктардын жарманкеси менен таанышып чыкты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев, Базар-Коргон районунун тургундарын жаңгак фестивалынын өтүшү менен куттуктады.
Аталган демилгенин максаты, жаштар жана жергиликтүү калк арасында токойлордун уникалдуулугун жайылтуу, токой экосистемасын сактоо, жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналаарын белгиледи. Ага катар жашоочуларды жаңгак жемишин Базар-Коргон районунун бренди катары таанытуу үчүн салым кошууга чакырды.
Фестивалдын соңунда аймактын туристтик потенциалы, учурдагы абалы жана көйгөйлөрүн талкуулаган жыйын өттү.
Жалал-Абад облусунун аймагында 38 миң гектардан ашуун Кыргызстандагы чоң табигый түрдө өскөн жаңгак токтойлору орун алган. Алардын арасынан эң чоң аянт Базар-Коргон районунда жайгашкан.
Ушул жылдын 9 айында Жалал-Абад облусунан 417 миң тоннадан ашуун жаңгак экспортко чыгарылган. Андан 1 млрд 350 млн сомго жакын киреше түшкөн.