Тилек Текебаев муфтий Абдулазиз кары Закиров менен жолугушту
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров менен жолугушту.
Анда тараптар эл арасында диний сабаттуулуктун жогорулашы, президенттин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54 Жарлыгы, 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү” № 296 Жарлыктарынын аткарылышын талкуулашты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Жалал-Абад облусунун аймагында ысырапкорчулукту жөнгө салуу багытында сезилээрлик жылыштар бар экенин айтып, калк арасында түшүндүрүү иштери дагы да улантылып жатканын кошумчалады.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров, облус башчысына натыйжалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Ардак грамота тапшырды.