Улуу Жеңиштин 80 жылдык майрамына карата даярдыктарды көрүү боюнча жыйын өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев облустук укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Базар-Коргон районунун акими жана тийиштүү кызматкерлер менен жыйын өткөрдү.
Анда Улуу Жеңиштин 80 жылдык майрамын Базар-Коргон шаарынын борбордук бөлүгү жана Үсөн Сыдыков атындагы эс алуу багында өткөрүү боюнча даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалыматтар айтылды.
Урматбек Самаев быйыл Улуу Ата-Мекендик согуштун аяктаганынын 80 жылдык майрамы өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, аны жогорку деңгээлде уюштуруу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле иш-чара өтүүчү аянтты даярдоо, майрамды уюштуруунун план сценарийи, коомдук коопсуздук жана башка бардык даярдык чараларын өз убагында көрүү тапшырмасын берди.