Нурлан Эрматов өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов облустук мекеме-ишканалардын башчылары жана онлайн тартипте район, шаар жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Жыйында 2025-жылдын 14-апрель күнү облустун Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагынын Тенге жана Ак-Тайлак айылдарында сел кырсыгы катталып, эки көпүрө жана эки унааны сел суулары агызып кеткени, Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагынын Жоон-Төбө жана Долоно жайлоолорунда жүргөн селдин кесепетинен, Кербен–Кара-Жыгач–Кызыл-Көл унаа жолунун 50 метр аралыгына түшкөн сел калдыктарын тазалоо иштерин сурады.

Нурлан Эрматов Аксы жана Ала-Бука районунда катталган сел кырсыктары боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан маалыматтарды оперативдүү жеткирүү жагы солгун болгонун сынга алды. Мындагы кемчиликтин үстүндө тактоо жүргүзүлүп, тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөөрүн айтты. Ошол эле учурда бардык район, шаар башчыларына өзгөчө кырдаал катталуу коркунучу бар аймактарда иш жүргүзүүнү күчөтүүнү тапшырып, жоопкерчиликтерин эскертти.

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары ушул жылдын 31-август күнү, Эгемендүүлүк майрамына карата колдонууга берилүүчү объекттердеги жумуштардын жүрүшүн сурады. Аларда орун алып жаткан көйгөйлөр, курулушту артка тарткан бардык маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын кошумчалады.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген