Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарындагы “Нур” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Нур” ААКнун өндүрүштүк заводуна барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.
“Нур” ААК 1944-жылдан бери иш алып барып келет. Азыркы учурда завод атайын жана жарандык максаттар үчүн электр бириктиргичтерин, РП-15 тибиндеги тик бурчтуу жана ШР цилиндр түрүндөгү бириктиргичтерди чыгарып келет. Ага катар штамп жана атайын тетиктер даярдалат. Учурда мекемеде 100 кызматкер эмгектенип, өндүрүлгөн продукция 100% экспортко чыгарылат.
Завод жетекчилиги мекемеде даярдалган продукциялардын көлөмүн арттыруу, ички керектөөчүлөргө жана сыртка экспорттоо жагын кайрадан жолго коюу, атайын жабдуулар орнотулган артезиандык суу өндүрүү багытын жандантууга көмөк көрсөтүүнү сурады.
Өндүрүштүк мекеме менен таанышып чыккан облус башчысы Тилек Текебаев заводдун ишин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын берди. Эскилиги жеткен атайын жабдууларды жаңылоо менен жалпы модернизациялоого болгон муктаждык бар экенин айтты.
Өкүл алдыдагы убакытта “Нур” заводунун өндүрүмүнүн көлөмү, экспортту кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана сырткы инвесторлорго сунуштар берилээрин кошумчалады.