Эгемендүүлүк майрамына карата Жалал-Абад облусунда 34 жаңы объект колдонууга берилет

0

Быйыл Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдык майрамы Жалал-Абад шаарында белгиленип, ага карата облус аймагында 34 жаңы социалдык, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканаларды пайдаланууга берүү планы коюлган.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, аталган объектилердеги курулуш жумуштарынын жүрүшү көзөмлгө алынууда.

Алардын катарында Жалал-Абад шаарындагы 100 орундуу перинаталдык борбор, №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын административдик имараты, “Бокс академиясы”, №14 мектептин 700 орундуу кошумча имараты, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан “Асман Резиденс 2” жана “Асман Резиденс 3” турак жай комплексттери бар.

Азыркы учурда Жалал-Абад шаарындагы социалдык объектилердин басымдуу бөлүгүнүн курулушу 50 пайыздан жогору аткарылды.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген