Жалал-Абадда ишкерлерди коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу багытында жыйын өттү

0

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын 25-ноябрь күнү Манас шаарында чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү менен “Ишкерлердин укуктарын коргоо, актуалдуу көйгөйлөр жана инвестициялык климатты өнүктүрүүнүн перспективалары” темасында жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага чакан жана орто бизнестин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Региондор аралык башкармалыгынын аймактык бөлүмүнүн, Мамлекеттик салык кызматынын Манас шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууда ишкерлерге, аларга карата дайындалган текшерүүлөрдүн жүргүзүүнүн тартиби жана мыйзамсыз текшерүүлөр боюнча жоопкерчилик чаралары, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси жөнүндө түшүндүрүлүп, тиешелүү органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга ишкердик субъекттерин коргоо жана колдоо чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат, бул тармактагы мамлекеттик программалар жөнүндө маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында ишкерлерге алардын укуктары, ошондой эле прокуратура органдарына кайрылуу тартиби жөнүндө эскертмелер таратылды.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген