Жалал-Абад облусунда “Бир айыл — бир продукт” долбоорунун алкагында Бренд комитетинин отуруму өттү
Бүгүн “Бир айыл — бир продукт” улуттук экономикалык долбоорунун алкагында Бренд комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, эксперттик топтун мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр катышты.
Нурлан Эрматов долбоор аймактарды өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, эксперттик топ менен болгон талкуулар продукциялардын сапатын жакшыртууга жана алардын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөрүн баса белгиледи.
Отурумда аймакта өндүрүлгөн продукциялар – жангак жана мистеден жасалган азыктар, бал, кургатылган жемиштерден даярдалган кондитердик товарлар, пахта жана табигый негизде жасалган бальзам сыяктуу бир катар продукциялар Бренд комитетинин кароосуна сунушталып, баалоодон өткөрүлдү.
Комитет тарабынан продукциялардын сапаты, өзгөчөлүгү жана бренд ыйгарууда талап кылынган критерийлер боюнча кеңири талдоо жүргүзүлүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Иш-чаранын соңунда өндүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылды.

