Тилек Текебаев Анкара шаар башчысынын орун басары Иззеттин Севгили баштаган делегация менен жолугушту
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Түркия Республикасынын Анкара шаар башчысынын орун басары Иззеттин Севгили баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушуу 2025-жылы Жалал-Абад облусунун Манас шаарына ыйгарылган “Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору” ардак наамын 2026-жылы Түркия Республикасынын Анкара шаарына расмий өткөрүп берүү аземинин алдында уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы Тилек Текебаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы тарыхый, маданий жана руханий байланыштар менен катар соода-экономикалык кызматташтык да ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Жалал-Абад облусу менен Түркия Республикасынын аймактарынын ортосунда экономикалык байланыштарды тереңдетүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.
Ошондой эле облус башчысы 2025-жылы Манас шаары Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору макамын чоң сыймык менен алып, жыл ичинде бир катар ири туристтик жана экономикалык форумдар өткөрүлгөнүн белгиледи. Ал бул маанилүү окуя Жалал-Абад шаарынын расмий түрдө Манас шаары деп аталышы менен дал келген тарыхый учурга туш келгенин да белгилеп өттү.
Жолугушуунун соңунда Тилек Текебаев тараптар ортосундагы ар тараптуу кызматташтык мындан ары да тереңдей берерине ишеним билдирип, боордош өлкөлөргө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү, ал эми туризм тармагына жаңы ийгиликтерди жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү каалады.





