Тилек Текебаев окуучулар арасындагы облустук театралдаштырылган турга катышып, жеңүүчүлөрдү сыйлады

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында өткөн “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик: уңгужолу — жаратман жаштар” аттуу мектеп окуучуларынын арасындагы театралдаштырылган көрүнүштөрдүн облустук туруна катышты.

Сынакка облустун район жана шаарларынан келген 12 команда катышып, сахнада өз өнөрлөрүн тартуулашты. Театралдаштырылган көрүнүштөрдө үй-бүлөлүк баалуулуктар, миграция маселеси, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун кесепеттери жана жаштардын коомдогу орду сыяктуу маанилүү социалдык темалар чагылдырылды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев мындай сынактар окуучулардын коомдук аң-сезимин туура калыптандырууда, улуттук жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды таанып-билүүдө чоң роль ойной турганын белгилеп, бардык катышуучуларды куттуктады.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпы мелдешке 600 миң сом акча каражаты каралып, анын 300 миң сому ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан жана УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы тарабынан ажыратылган.

Баш байгени Майлуу-Суу шаарындагы №8 орто мектебинин окуучулары жеңип, 200 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Биринчи орунду Сузак районундагы №7 орто мектебинин окуучулары ээлеп, 120 миң сом, экинчи орунду Аксы районундагы №17 орто мектебинин окуучулары алып, 80 миң сом, үчүнчү орунду Таш-Көмүр шаарындагы №8 орто мектебинин окуучулары камсыздап, 40 миң сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Мындан тышкары, 8 командага 20 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген