Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүштүк объект онлайн форматта ачылды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүш багытындагы объект расмий түрдө ачылды. Аталган иш-чара IV-Элдик Куралтайдын алкагында өткөрүлдү.
Социалдык объекттердин ичинен:
-Чаткал районунда – А. Чымканаев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп, Ак-Таш айылындагы спорт зал жана Мырзалиев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп;
-Аксы районунда – №12 К. Шеркулов атындагы жалпы билим берүүчү мектеп;
-Токтогул районунда – спорт комплекси;
-Сузак районунда – Ж. Турусбеков атындагы №7 мектептин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты.
Ошондой эле, өндүрүш багытындагы объекттердин ичинен Сузак районунун Барпы айылындагы “ОРИС НПЗ” жоопкерчилиги чектелген коомунун битум заводунун өндүрүшү кеңейтилип, “Маркай” көмүр кени ишке киргизилди.







