Жалал-Абад облусунда калкты жылуулук менен камсыздоо иштери көзөмөлдөнүүдө

0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасынын негизинде, орун басар Урмат Самаевдин төрагалыгы алдында калкты жылуулук менен камсыздоо иштеринин жүрүшү онлайн кеңешмеде талкууланды.

Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациялардын, шаар мэрлеринин орун басарлары жана “Жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканаларынын жетекчилери катышты.

Жыйында калкты жана социалдык-экономикалык объектилерди үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо, айрыкча Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунда калкты арзан көмүр менен камсыздоо, көмүр сатуу үчүн атайын соода түйүндөрүн уюштуруу тапшырмасы берилди. Көмүрдүн баасы жана запасы боюнча маалыматтарды жума сайын тапшыруу милдеттендирилди.

Ошондой эле Таш-Көмүр шаарындагы №4 орто мектебинин жылуулук системасындагы авариялык абалды тез арада жоюу жана Манас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай, Кочкор-Ата жана Базар-Коргон шаарларындагы жылуулук ишканаларынын ишин өз убагында уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген