Абсаттар Сыргабаев облустагы билим берүү кызматкерлеринин ишин сынга алды
Акыркы жылдары Жалал-Абад облусундагы окуучулардын жалпы республикалык тестирлөөдөн жана предметтик олимпиадаларда алган жыйынтыктары канааттандырарлык эмес. Бул тууралуу облус башчысы Абсаттар Сыргабаев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирди.
Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү өткөн жылы район-шаарлардын билим берүү башчыларына берилген эскертүүгө карабай, 2023-жылдагы окуу жылынын жыйынтыгы менен да облуста бир гана окуучу алтын сертификатка ээ болгонун айтты. Өкүл тесттирлөөдөн жогорку окуу жайларга өтүүчү босого балга жете албаган окуучулардын саны да арбын болгонун айтып, натыйжа көрсөтө албаган билим берүү бөлүмүнүн башчыларынын кызмат орундарын кароону тапшырды.
Өкүл ага катар жыйынтыгы жок, окуу акысы жогору болгон жеке менчик билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн карап чыгууну кошумчалады.
Жалал-Абад облусунда 2022-2023-окуу жылында 6 миң 30 окуучу жалпы республикалык тесттирлөөгө катышкан. Бул жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 61 пайызын түзгөн.