Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын алты айынын жыйынтыгы чыгарылды

0

Бүгүн, 26-июль күнү, Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жетектеп, район-шаарлардын аким-мэрлери, айыл аймак башчылары, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коллегияда Жалал-Абад облусунун 2023-жылдын алты айындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, тармактардагы жетишкендиктер жана кемчиликтер белгиленди.

Облус республикалык бюджетти 5 млрд. 244 млн. 600 мин сом болсо, 5 млрд. 360 млн. сомго аткарылып, коюлган пландан 115,7 млн. сомго көп аткарган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ѳсүү ыргагы 163,9 пайызды камсыздады. Ал эми жергиликтүү бюджеттин планы 2 млрд. 19 млн. сомго, башкача айтканда өсүү ыргагы 123,9 пайызга жеткен.

Ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусу биринчи жарым жылдыкта жалпы экономикалык план-тапшырмаларды ийгиликтүү аткарганын белгиледи. Бирок ошол эле учурда республикалык бюджетти Сузак району 69,6%га, Базар-Коргон району 71,7%га, Майлуу-Суу шаары 87,2%га жана Жалал-Абад шаары 94,4%га камсыздап, план-тапшырмаларды жеткиликтүү аткара албаганын айтты. Өкүл учурдагы көрсөткүчтөр тогуз айдын жыйынтыгы менен жөнгө салынбаса, аларга тийиштүү чаралар көрүлөөрүн эскертти.

Абсаттар Сыргабаев мамлекеттик мекемелерде электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, белгиленген лимиттен ашыкча колдонуу көрсөткүчтөрүн болтурбоону баса белгиледи. Мындан сырткары төлөнбөй калган салык көрсөткүчүтөрү бар район-шаарларды атап, иш алып барууну күчөтүүнү тапшырды.

Коллегияда социалдык багытта тийиштүү деңгээлде иш аткара албаган район-шаар башчыларынын орун басарларына тартиптик чара, сөгүш жана эскертүүлөр берилди.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген