Жалал-Абадда 1-июль–ӨКМдин Куткаруучулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

0

Бүгүн Куткаруучулардын күнүнө карата ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы тарабынан майрамдык саамалык уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, облустук мекеме-ишкана кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана тармактын ардагерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары ар түрдүү өзгөчө кырдаалдар көп катталган Жалал-Абад облусунда иш алып баруу куткаруучулардан чоң эмгекти талап кылаарын белгиледи. Мындагы кызматкерлер өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып жатканын айтып, ыраазычылык билдирди.

Мындан сырткары салтанатта алдыңкы кызматкерлерге КРнын Министрлер Кабинетинин, ыраазычылык каты, ӨКМдин жана бир катар министрликтердин Ардак грамоталары жана төш беогилери тапшырылды.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген