“Кыргызнефтегаз” ишканасынын “Зорька” эс алуу жайына кошумча 10 жаңы корпус салынды

0

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан “Зорька” эс алуу жайына кошумча 10 жаңы корпус салынып, биринчи агым менен 300 бала жайкы эс алууга чыкты.

Бүгүн аталган жайда балдарга түзүлгөн шарттар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев таанышып чыкты. Мындан сырткары балдардын жайкы эс алуусунун башталышына карата уюштурулган майрамдык салтанатка катышты.

Облус башчысы өлкөдөгү ири өндүрүштүк мекеме болгон “Кыргызнефтегаз” ишканасы өзүнүн экономикалык киреше бөлүгүн арттыруу менен гана чектелбей, аймактагы социалдык турмушта да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

“Зорька” эс алуу жайы негизинен Кыргызнефтегаз ишканасында эмгектенген кызматкерлердин балдарын жайкы эс алуусун уюштурууга багытталган. Бул жылы анда жалпы беш агымды кабыл алуу пландаштырылган.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген