Жалал-Абаддагы мектеп имараттарынын курулушунан кабар алынууда
Бүгүн Жалал-Абад шаарында узундугу дээрлик эки чакырым, кеңдиги 20 метрди түзгөн Пушкин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.
Жолдун ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калаа тургундары катышты.
Аталган көчө Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланып, 70 млн. сом акча каражат жумшалган.